Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтериэгилме өсүмдүктөргө зыян келтирүүчү жандыктар. Өсүмдүк зыянкечтери өтө көп. Аларга көбүнчө курт-кумурскалар, кенелер, моллюскалар, жумуру курттар же нематодалар, кемирүүчүлөр, канаттуулар ж. б. кирет.

Macrosiphum rosae.

Курт-кумурскалардан - түз канаттуулар, трипсилер, тең канаттуулар, канталалар, кош канаттуулар же чымындар, катуу канаттуулар же коңуздар, жаргак канаттуулар же көпөлөктөр кирет. Өсүмдүк биттеринин эң зыяндуулары: гозо бити, алма кызыл бити, филлоксера, дан биттери. Көпчүлүк биттер өсүмдүктү зыянга гана учуратпастан, өсүмдүктүн вирус илдетин да пайда кылат. Алма жана алмурут бүргөлөрү, цикадалар түркүмчөсүнүн көбү пахта, дан өсүмдүктөрү, картөшкөгө ж.б. өтө зыяндуу. Ак канаттуулар жылытылмадагы (теплица) өсүмдүктөрдүн өтө коркунучтуу зыянкечи. Кокциддер түркүмчөсүнүн өтө зыянкечтери калифорния калканчалуусу, комсток курту, алма үтүр сымал калканчалуусу, жүзүм кеберлүү курту. Гозо жана беде аянтына беде канталасы көп зыян келтирет. Кош канаттуулар же чымындардан чегиртке сымалдар, кара чегиртке, күздүк үкүчө, гессе чымыны, мөмөчүл шиштумшук, капуста үкүчөсү ж. б., катуу канаттуулар же коңуздардан шиштумшуктуулар (кызылчанын, беденин), беденин жалбыракчы шиштумшугу өтө зыяндуу. Коңуздардан, айрыкча кампа зыянкечтери, эбелек муруттуулар тукумунан саратан коңузу, чарабаш коңуз көп таралган. Тырсылдак коңуздардын личинкасы, сасык коңуздар өсүмдүк уругу менен тамырына зыян келтирет. Картөшкөчү колорадо коңузу - карантиндик зыянкеч. Кокцинеллиддер тукумундагы коңуздар (эл кайда көчөт) негизинен пайдалуу; көбүнчө өсүмдүк бити менен коксиддерди жок кылат. Жаргак канаттуулар же көпөлөктөр түркүмүндөгү зыянкечтер да көп. Алардын көбү мөмө-жемишке, айыл чарба, токой өсүмдүктөрүнө (карадрина, гозо үкүчөсү, күздүкчү үкүчө, буудай үкүчөсү, капуста үкүчөсү, жалбырак жегичтер ж. б.) зыяндуу. Зыянкечтердин ар бир түрү белгилүү аймакта жашайт. Зыянкечтерге каршы күрөшүүдө алардын таралуусун, санын эсепке алуу, зыянкечтигин, илдеттерди алдын ала маалыматтоо зарыл. Өсүмдүк зыянкечи менен илдетине каршы күрөшүүдө биологиялык, механикалык жана физикалык ыкмалар, өсүмдүк коргоонун химиялык ыкмасы колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1