Акация - (лат. Acacia) - өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы уруусу. Дарак, бадал, чанда лианалар. Жалбырагы татаал, кош канат сымал, көп учурда учтуу же узун тикенектери өсөт. Гүлү сары, майда, анча чоң эмес башча топгүлү татаал шыпыргы топгүлчө чогулган. Мөмөсү көп уруктуу чанак. Анын 1000ден ашык түрү Африка, Азия, Америка жана Австралиянын кургакчыл райондорунда таралган. Көп түрлөрү баалуу жыгач. Сенегал акациясы - медицинада колдонулуучу гумми-арабиктин жогорку сортун алууда чийки зат. Россиянын Кара деңиз жээктеринде кара жыгачтуу акация жашылдандыруу үчүн өстүрүлөт. Айрымдары танниддерге бай келип, булгаары ийлөөдө, сапаттуу сөңгөгү эмерек, кагаз жасоодо колдонулат. Кыргызстанда 3 түрү (ак, сары, кумдак акация) өстүрүлөт.

Acacia karroo.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1