Акватория - (латынча aqua - суу жана territorium территория), океандын, деңиздин, суу сактагычтын же порттун белгиленген чегиндеги суу бети (мейкиндиги). Акватория жүк жүктөө жана түшүрүү үчүн кемени токтотууга (порт акваториясы), кеме курулушунун акыркы жумуштарын бүтүрүүгө жана кеме ремонттоого (завод Акваториясы), техниканы сыноого (суу полигону) пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1