Акведук - (латынча аqua - суу жана duco - өткөрүү) кокту-колот, канал, жол, сай жана башкалардан суу алып өтүү үчүн жасалган (ноо, түтүк) гидротехникалык курулма. Көбүнчө сугат жерди кургатуу же суу менен камсыз кылууда колдонулат. Акведук темир, темир-бетон жана бетондон курулат. Мындай гидротехникалык курулмалар Кыргызстанда да көп.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1