Аккад тили (вавилон-ассирия, ассирия-вавилон тили) - семит тилдеринин бири. Месопотамиянын жана Ассирия (азыркы Ирак) элдеринин байыркы тили. Диахрондук жана аймактык жактан бир топ диалектилерге бөлүнөт. Эки адабий формага ээ: эски вавилон (биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын ортосунан бери) жана жаңы вавилон (биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын ортосуна чейин). Жазмасы - муундук клинопись. Эң байыркы жазма эстеликтери биздин заманга чейинки 25-кылымга, кийинкилери биздин заманга чейинки 1-кылымга таандык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1