Акмеизм (грек – жогорку даража) – 20-кылымдын баш ченинде орус поэзиясында өкүм сүргөн агым. Көрүнүктүү өкүлдөрү – Н.С.Гумилев, А. А. Ахматова, О.Э. Мандельштам. Алардын поэзиясын символизмге каршы къз караштар, поэтикалык позициялар бириктирип, жердеги керпенденин көйгөйлүү тиричилигин курч жана кеңири жазууга аракеттенишкен, предметке конкреттүү, кыска мамиле кылганы менен символисттерден айырмаланышкан, алар “поэтикалык сөздүн артисттери” ( И.Ф. Аненский ) болгон. Бирок акмеизм советтик адабият таануу тарабынан модернисттик агым катары четке кагылып, чындыкты туура эмес, коомго байланышсыз көрсөтөт деп эсептелинген. 80- 90- жылдардан кийин гана алардын чыгармаларына жаңыча ой жүгүртүү менен каралып, акмеисттердин чыгармалары кайрадан миллиондогон нускалар менен чыга баштады.

Адабият түзөтүү

Шериев Ж., Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3