Аксиома (гр. axioma – ылайык табылган, кабыл алынган негиз) – кээ бир математикалык теорияларды түзүүдө далилдөөсүз кабыл алынган негизги математикалык чындык.

Аксиома көп кылымдардан бери адам баласынын тажрыйбасынан, эксперименттен жана илимдин өсүшүнөн келип чыгып, далилдөөнү талап кылбаган чындык катарында каралат. Байыркы Грецияда Аксиома терминин Аристотель биринчилерден болуп пайдаланган. Математикалык логика аппаратынын өнүгүшү Аксиома түшүнүгүнүн өсүшүнө түрткү болду. Аксиоманы формалдуу караганда, кээ бир мазмундуу илимий теориянын божомолдуу гана эмес, эреже боюнча бул эсептөөнүн жыйынтыгы – калган далилденүүчү формуланын жыйынтыгы чыгарылуучу андагы жөнөкөй формулалардын бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү