Аксы району (1992-жылга чейин — Жаңы-Жол району) — Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы район. Административдик борбору — Кербен шаары[3].

Аксы району
Белгиси
Белгиси

Аксы району картада

Өлкө:

Кыргызстан

Абалы:

Район

Киргени:

Жалал-Абад облусу

Курамында:

1 шаар, 11 айыл өкмөтү,
78 айыл

Акимий борбору:

Кербен

Ири шаары:

Кербен

Түзүлгөн убакыты:

6-март, 1992-жыл

Аким:

Замирбек Сыдыков[1]

Калкы (2017):

135 010 адам[2]

Улуттук курамы:

кыргыздар — 95,1%
өзбектер — 4,2%
орустар — 0,3 %[2]

Диний курамы:

ислам,

Саат алкагы:

UTC+6

Телефон коду:

+996 3724

Унаа коду:

04

Расмий сайты

География түзөтүү

Район облустун борбору Жалал-Абад шаарынан түндүк-батыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте, Фергана өрөөнүнүн түндүк четинде жайгашкан.

Аксы району Өзбекстандын Наманган облусунун төрт району менен чектешет (Жаңы-Коргон, Чартак, Үйчү, Үч-Коргон). Аксы районунун Өзбекстан Республикасы менен болгон чек арасынын узундугу 142 км түзөт.

Райондун аймагында азыркы убакта төмөнкү коруктар түзүлгөн жана иштейт:

Калк түзөтүү

Кыргызстандын 2009-жылкы элди каттоосу боюнча райондун калкынын саны 113010 адам. Алардын ичинен кыргыздардын саны 107447 адам (95,1 %), өзбектер — 4802 адам (4,2 %), орустар — 305 адам (0,3 %).

 
Аксы районунун түштүгү

Административдик бөлүнүш түзөтүү

Райондо 1 райондук маанидеги шаар, 11 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 78 айыл бар[4].

Райондук маанидеги шаар жана анын курамындагы айылдар:

Айыл аймактары жана алардын курамындагы айылдар:

Эскертүү: Таш-Көмүр — Жалал-Абад облусунун облустук маанидеги шаары. Шамалды-Сай жана Кызыл-Жар шаар тибиндеги посёлоктору (штп), Теңдик, Кашкулак-Сай, Чүйүт-Сай, Кызыл-Алма жана Кудук-Сай айылдары Таш-Көмүр шаарынын курамына кирет.

 
Аксы районундагы калктуу конуштардын картасы.

Талаш аймактар түзөтүү

Аксы районунун Өзбекстан менен болгон мамлекеттик чек арасынын бөлүктөрүндө 8 талаш жерлер бар, алардын жалпы аянты 513 га. Чек аранын белгисиздиги эки өлкөнүн жарандары ортосунда болуп чыккан чыр-чатактардын негизги себеби.

2002-жылы Аксы районунда калк менен укук коргоо органдары ортосунда жаңжал чыккан. Калктын талаптарынын бири болуп кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимден баш тартуу болгон.

Тарых түзөтүү

Мурда Ош облусунун курамына кирчү. 1990-жылы Жалал-Абад облусуна өткөн. 1992-жылга чейин Жаңы-Жол району деп аталган.

Белгилүү инсандар түзөтүү

Жеңижок Нүзүп Бий Токтосун Тыныбеков Бекназар Баатыр Алымкан Көксулуу

Бир катар даңазалуу инсандар, илимпоздор, коомдук ишмерлер чыккан.

Алардын арасында тарых илимдеринин кандидаты Туратбек Жоробеков (1946-2016), экономика илимдеринин кандидаты Кадыржан Райымбеков, педагогика илимдеринин доктору Сатканбай Момуналиев, биология илимдеринин кандидаты Максатбек Казакович Мамытбеков, саясат таануу илимдеринин кандидаты Уран Токтоназарович Ботобеков, ж.б. чыккан.

Булактар түзөтүү