Актинометр - күн радиациясынын интенсивдүүлүгүн ченөөчү прибор. Иштөөсү каралжын нерсе күн радиациясын өзүнө сиңирип алып, аны жылуулук энергиясына айландырууга негизделген. Күн радиациясынын интенсивдүүлүгү жылуулук калориясы менен ченелет. Жаратылышта чылк кара нерсе кездешпегендиктен, практикада актинометр үчүн бети карартылган платина пластинкасы же көмүр ыштары пайдаланылат. Алар күн жылуулугунун 98%ин сиңире алат. Күн радиациясынын тикеден-тике жылуулук калориясы менен ченөөчү приборлор абсолюттук актинометрлер деп аталат. Актинометр күн нурларынын энергиялык балансын жана кургакчылыкты изилдөө иштеринде пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1