Акылдуулук менен сезгичтик

"Акылдуулук менен сезгичтик" (англ. Sense and Sensibility) - Жейн Остиндин 1811-жылы жарыкка чыккан романы. Китептин тышында, жазуучунун ысмы болгон жерде, Остин, өз атынын ордуна "Леди" тергеме атты колдонуп, роман анонимдүү түрдө басылып чыккан. Анда Дэшвуд үй-бүлөнүн бойго жеткен кыздары Элинор жана Марианна экөөнүн окуясы баяндалат.

Акылдуулук менен сезгичтик (1811).

Романда эки жаш кыздын жана алардын жесир калган апасынын алыс тууганынын жеринде жайгашкан жаңы үйүндөгү турмушу жана сүйүү иштери сүрөттөлөт. Чыгармадагы окуя 1792-1797-жылдары Англиянын түштүк-батыш тарабында (Лондон жана Сассекс) орун алат.

1813-жылдын ортосунда, романдын 750 нускадан турган алгач басмасы сатылып түгөтүлөт, ал Остинге ийгилик алып келип, ошол эле жылы романдын экинчи басмасы жарыкка чыгат. 19-чу, 20-чы жана 21-кылымдар бою романдын басылып чыгуусу улантылып жатат.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү