"Акылдын оюндары" (англ. A Beautiful Mind, орус. Игры разума) - 2001-ж. экономика тармагында Нобел сыйлыгын алган Жон Нэштин өмүр баянынын негизинде тартылган драма. Тасманын режиссеру Рон Ховард, сценарийин Акиа Голдсман жазган. Тасма 1998-ж. ушундай аталышта чыгып, Пулитсер сыйлыгына татыган Силвия Насардын бестселлер китебинин негизинде тартылган. Тасманын жылдыздары: Рассел Кроу, Эд Харрис, Женнифер Коннелли, Поул Беттани, Адам Колдберг, Жад Хирш, Жош Лукас, Антони Рап жана экинчи планда Кристофер Пламмер. Окуя Пристон Университетинде аспирант болуп эмгектенип жаткан Нэштин күндөрү менен башталат. Тасманын башында шизофрениялык параноялардан улам Нэштин көзүнө жок нерселер көрүнүп, оорусунун залы жубайына жана досторуна тийип баштаганы чагылдырат.

Акылдын оюндары
Режиссеру Рон Ховард
Продюсер
Сценарийи Акива Голдсман
Оператору Рожер Дикинс
Негизинде Акылдын оюндары
автору: Силвия Назар
Тартылгандар
Музыкасы Жеймс Хорнер
Редактору
Студия Imagine Entertainment
Жайылтуучу
Чыккан жылы
  • декабрь 13, 2001 (2001-12-13) (Беверли Хилз премьера)
  • декабрь 21, 2001 (2001-12-21) (АКШ)
Узактыгы 135 мүн.
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $58 млн
Киреше $313 млн

Тасма 2001-ж. 21-декарында АКШда көрсөтүүгө чыккан. Дүйнө жүзү боюнча 313 млн доллар топтоп, "Оскар" сыйлыгын "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер", "Эң мыкты адаптацияланган тасма" жана "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинацияларында жеңген. Ошондой эле "Эң мыкты актер","Эң мыкты монтаж","Эң мыкты кубултуу" жана "Эң мыкты музыка" номинацияларында ат салышкан.

Ошондой эле тасма Нэштин жашоосундагы никесиз төрөлгөн баласы жана башка үй бүлөсү тууралуу чагылдырылышы сынга алынса дагы, тасма сынчылар тарабынан жакшы баага татыган. Бирок тасманын жаратуучулары баарын түздөн түз чагылдырган тасма жаратууну каалашпагандыгын баса белгилешкен.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү