Ак кaжыр (лат. Gyps fulvus, Hablizl, 1783):

Ак кaжыр.
Gyps fulvus

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Түндүк Африка Мароккодон чыгышты карай Кызыл деңиздин жээгине чейин. Түштүккө карай Мароккодо 20-параллелге чейин, Сахара Атласына чейин, Түштүк Туниске чейин жана Кызыл дениздин жээги боюнча түштүккө карай Суданга чейин. Евразияда Пиреней жарым аралынан чыгышты көздөй Саур жана Тарбагатайга, Монгол Алтайына, Чыгыш Тянң-Шанга, Батыш Памирдин Алай системасына чейин жана Гималайдын түштүк жантаймасы боюнча батыш Ассамга чейин. Кыргызстанда – Тянң-Шандын түндүк жана түштүк четинде кээ бир жерлерде кумай менен интерградацияланат.

Жашаган аймактары түзөтүү

Түндүк жана түштүк Тянь-Шаньдын жапыз жана орто тоолорунда, жапайы ача туяктуулардын жана үй жаныбарларынын жайылган жерлеринде жашашат. Уялоо үчүн кескин бөлүнгөн ландшафттуу жерлерди артыксынтат.

Саны түзөтүү

Саны боюнча маалымат толук эмес. Мурда ак кажыр Кыргыз кырка тоолорунда уялоочу жана табылчу. 1992 жылы Араван районунун Данги Туя Муюн өзөнүндө 1100 м бийиктикте эл аралык зоологиялык экспедициянын мүчөлөрү 15 ак кажырдан турган топту каттаган. Дагы 4 канаттуу Фергана өрөөнүнүн тоо этектеринде байкалган.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары) түзөтүү

Отурукташкан канаттуу. Өзүнчө жуп болуп да, бир канча жуптан турган колония менен да уялайт. Уялоо биологиясы боюнча маалымат абдан аз. Жумурткаларын басуу мартта башталат. Ак түстөгү бир жумуртка басат. Июлдун башында уча албаган жаш канаттууларды табышкан. Тарп менен азыктанышат. Кажырларга мүнөздүү адаттарга ээ.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Негизги чектөөчү фактор болуп жапайы же үй жаныбардарынын тарпынын бардыгы же жоктугу саналат. Карышкырларга даярдалган уулуу азыкты жеп алуусунун натыйжасында зыянга учурашы мүмкүн. Кээде адам тарабынан кырылуусу.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Көпчүлүк зоопарктарда багылат. Кыргыз Республикасында колдо кармалбайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Атайын коргоо иш-аракеттери каралган эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Уялоо колониясын коргоо үчүн бул аймактарды кичи-заказник катары кабыл алуу керек, ошону менен бирге орнитологдор үчүн ак кажырларга байкоо жүргүзүүнү уюштуруудан жана канаттууларды атайын азыктандыруу жерлеринен түшкөн каражаттардын эсебинен коргоо иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл. Ак кажырга анын тынчын албоодон байкоо жүргүзүү үчүн изилдөөчү жай курууга жергиликтүү коомчулуктардын ичинен кызыккан жашоочуларды тартуу керек. Массалык уялоо жерлерин картага түшүрүү, көбөйүү биологиясын изилдөө, ак кажырдын жашоо аймагын чектөө, кумай менен интерградациялануу жерлерин иликтөө, бул эки түрдүн өз ара катнашуу суроолорун изилдеп чыгуу, бул эки түрдүн аргындашуусунун мүмкүн болгон учурун каттоо керек.

Статус түзөтүү

VI категория, Near Threatened, NT: R Кыргызстанда G.f.fulvus (Hablizl, 1783) түрчөсү кездешүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү