Алашань чөлү - Борбордук Азиядагы чөл. Кытайдагы Наньшань тоосунун түндүк-чыгышында. Узундугу 700 кмден ашык, жазылыгы 300 кмге чейин. Аянты 1 млн км2дей (бийиктиги 800-1600 м). Токолтоолуу, дөбөлүү, күдүрлүү түздүк. Ордун которуштуруп туруучу ири кум массивдери, бархандар (бийиктиги 350 мге чейин) басымдуу. Чуңкур жерлеринде убактылуу көл, шор топурак, такырлар бар. Караган, шыбак, баялыш ж. б. өсөт. Жаныбарларынан бөкөн, коён, сары чычкан, ташбака, кескелдирик ж. б. кезигет. Көчмөн чарба мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1