Aла-Арча суусуАламүдүн районундагы суу, Чүй дарыясынын сол куймасы. Узундугу 78 км, алабынын аянты 270 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы мөнгүлөрдөн башталат. Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу агат да, Кашка-Суу кошулган жерден Байтик өрөөнүнө чыгат. Суу бойлой арча, бадал, чычырканак өсөт. Ала-Арча суусу Чоӊ-Арык кыштагынан кийин Бишкек шаарын аралай түндүк тарапка агат.

Ала-Арча суусу
Ала-Арча капчыгайы
Ала-Арча капчыгайы
Мүнөздөмө
Узундугу 78 км
бассейндин аянты 270 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Ири куймалары: Ак-Сай, Теке-Төр, Топ-Карагай, Туюк-Суу, Жинди-Суу, Адыгине, Кашка-Суу ж. б. Алабында 5 көл, жалпы аянты 53,6 км2 келген 33 мөӊгү бар. Жазгы жана күзгү жамгырда сел жүрөт. Майда кирип, сентябрдын аягында тартылат. Жылдык орт. чыгымы 4,17 м3/сек; эӊ көбү 50 м3/сек, эӊ азы 0,81 м3/сек. Төмөнкү агымында Ала-Арча суу сактагычы курулган. Сугатка пайдалангандыктан Чүй дарыясынана жетпейт. Боюнда Кашка-Суу, Таш-Дөбө, Орто-Алыш, Чоӊ-Арык, Орто-Сай, Маевка кыштактары жайгашкан.

Дагы караңыз түзөтүү