Александр Невский - (1221-1263-ж. ч.) - орустун мамлекеттик ишмери, кол башчы, Новгород князы (1236-51), 1252-жылдан Владимирдин улуу князы. Орустун түндүк-батыш жерлерин швед жана немец баскынчылардан коргогон орус аскерлерине башчылык кылган. 1240-ж. 15-июлда Невада ладогалыктар менен бирге швед баскынчыларын талкалап «Невский» деп аталган. 1241-ж. Новгородду басып кирген ливондук рыцарларды жеңет. 1242-ж. 5-апрелде немец атчан аскерлери менен кнехтердин жөө отряддарын Чуд көлүндө кыйратуу Александр Невскийди өз доорундагы эң көрүнүктүү кол башчылардын катарына кошкон. Немец рыцарларынын орустарга каршы агрессиясы токтотулган. Александр Невский орус жеринин түндүк-батыш чек арасын бекемдөөнү улантып, Норвегия менен тынчтык келишимин түзгөн (1251). Алтын Ордо менен Рустун ортосунда болуучу тополоңду алдынала сезип, Татар хандыгын ынтымакка чакырган. Александр Невский тарыхта кылдат жана көрөгөч саясатчы, Ата Мекенин коргогон князь - жоокер катары бааланган. 1725-ж. 21-майда жана 1942-ж. 29-июлда анын урматына Александр Невский ордени чыгарылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү