Александр Александрович Фридман (1888-1925), россиялык математик жана геофизик.

Фридман, Александр Александрович
Туулган жылы:

16 -июнь 1888(1888-06-16)

Туулган жери:

Санкт-Петербург, Россия империясы

Каза болгон жылы:

16 -сентябрь 1925(1925-09-16) (37 жаш)

Каза болгон жери:

Ленинград| Санкт-Петербургда|Санкт-Петербург, РСФСР, СССР

Илимий чөйрөсү:

теоретикалык физика, геофизика, динамикалык метеорология, космология

Иштеген жери:

Перм университети, Петербург университети, Киев университети

Альма-матер:

Петербург университети

Илимий жетекчиси:

В. А. Стеклов

Белгилүү окуучулары:

Г. А. Гамов, В. А. Фок

Сыйлыктары


Орден Святого Владимира 4 степени с мечами и бантом, Георгиевский крест 4 степени , Георгиевское оружие

Илимде өтө эрте айтылган жаӊы идеялардын жаратуучуларын замандаштары кыялкеч же еретиктер деп жарыялашат. Алардын концепциясы жылдар өткөндөн кийин гана, көбүнчө көзү өткөндөн кийин гана тааныла баштайт. Мындай тагдырга Фридман да туш болгон. Өмүрү өткөндөн көп жылдан кийин анын улуу математик, механик, теориялык метеорологиянын негиздөөчүсү экендигин билишкен. Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясын чечкиндүү интерпретациялап, стационардык эмес Аалам теориясын түзгөн.

Александр Фридман 1888-ж. 17-июнда Петербургда музыканттын үй-бүлөөсүндө төрөлгөн. Бала кезинде эле дүйнөнүн гармониясы - сандардын жана чоӊдуктардын гармониясы, математика кызыктырган, Петербург университетинде академик Стекловдон сабак алып, кафедрада профессордук наамга даярдоого калтырылган. Башталышында метеорологияга көӊүл буруп, Жердин атмосферасын "гидродинамиканын математикалык чыгарылышын иллюстрациялоочу гиганттык табигый лаборатория" деп эсептеген. Атмосферадагы куюндарды жана агымдарды аэронавигациядагы практикалык маселелерди чечүүгө зарыл теориялык тыянактарды чыгарууга колдонгон. Фридман 1920-ж. башкы геофизикалык обсерваторияга кызматкер катары кабыл алынып, 1925-ж. директору болуп дайындалат.

Фридмандын өмүрү физикадагы илимий революциянын дооруна туш келген. Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясы мейкиндик жана убакыт жөнүндө, Ааламдын чексиздиги жөнүндө кылымдарда калыптанган түшүнүктөрдү талкалады. Бул теориядагы Ааламдын стационардуулугу жөнүндө постулаттан биринчи болуп баш тарткан. 1922-ж. татаал систетемаларды баяндаган дүйнөлүк оӊ теӊдемени анализдеп, фундаменталдуу тыянакка келген: бул теӊдемелер кандай гана шарт болбосун чыгарышы көп болорун далилдеген. Демек, салыштырмалуулук теориясынын теӊдемелери Ааламдын чектүүлүгү жана формасы жөнүндө суроого жооп бере албастыгы белгилүү болгон.

Ааламдын стационардуулугу жөнүндө Эйнштейиндин постулаттын Фридман Ааламдын бир тектүүлүгү жана изотроптуулугу жөнүндө тыянак менен алмаштырган. Эсептөөлөрүндөгү Фридман көрсөткөн каталарды Эйнштейн ошол журналда мойнуна алып, жаш теоретик бул проблема боюнча жаӊы багыт ачкандыгын белгилеген. Бул маселенин бир чечилишинде Аааламдын ийрилик радиусу бир калыпта өсөрү аныкталган. Фридман 38 жашында оорудан каза болгондон кийин космологиядагы анын аты унутулуп калган. Бул эмгекке 1945-ж. Эйнштейн акыйкат баа берген: "Фридмандын жасаган тыянактарда жылдыздар системасынын кеӊейүүсүн Хабллдын ачылышы далилдеди. Мындан ары Фридман баяндаган идеяларга эч ким күмөн санабай калды."

Э. Хабблдын ачылышына чейин бельгиялык физик Ж. Лемтер 1927-х, Фридмандын иштерин таанышпай туруп, салыштырмалуулук теориясынын негизинде кеӊейүүчү Аалам идеясын көтөрүп чыккан. Ал өзүнүн теориясын ачык диндик боёктор менен берген. XX к. 60-жылдарда гана стационардык эмес Аалам теориясынын баштоочусу Фридман экендиги таанылган.

Адабият түзөтүү

  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.