Алеуттар - (өздөрүн унанган, унангас деп аташат) - Алеут аралдардын (АКШ) жергиликтүү калкы. Аляска жарым аралынын түштүк батышында, Россиянын Командор аралдарында да жашашат. Жалпы саны 3 миң адам (1990). Алеут тилинде сүйлөшөт. Алеуттардын ата-бабалары болжол менен 10-12 миң жыл илгери Аляскадагы өздөрүнө тектеш эскимостордон бөлүнүп келип, Алеут аралына отурукташкан. Алеут аралы орустар тарабынан ачылгандыгы жана андагы жергиликтүү тургундарды Алеуттар деп аташкандыгы тууралуу маалыматтар 1747-ж. документтерде кездешет. 1799-1867-ж. Алеут аралын орус-америка компаниялары биргелешип башкарып турган. 1867-ж. Россия тарабынан Алеут аралы жана Аляска жарым аралы АКШга сатылган. Европалыктар келгенге чейин (18-к.) Алеуттар деңиз жаныбарларына (деңиз мышыгы, суу жолборс ж. б.) аңчылык кылышкан, балык уулашкан, мөмө жыйнашкан. Жыгачтан, таштан, сөөктөн жасалган эмгек куралдарды колдонушкан. Алар негизинен деңиз мышыгынын терисинен жасалган парка (туюк тон), камлейка (туюк жака, капюшондуу), деңиз айбандарынын терисинен тигилген торбаса (бут кийим) кийишкен. Деңиз жаныбарларынын, канаттуулардын, балыктын эти менен тамактанышкан. 1932-ж. Россияда Камчатка облусунда Алеут улуттук району, 1970-ж. АКШда чарба иштерин жөнгө сала турган Алеут аймактык корпорациясы түзүлгөн. Азыркы мезгилде чарбачылыктын жаңы тармактары: айбанаттар (норка) чарбасы, мал чарбачылык, бакчачылык өнүгүп жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү