Алла Борисовна Пугачёва (15. 4. 1949-жылы туулган, Москва) – орус эстрада ырчысы, композитор, СССРдин эл артисти (1991). 1964–68-жылдары Москвадагы Ипдолитов-Иванов атындагы Мамлекеттик музыкалык окуу жайында окуган. 1981-жылы A. В. Луначарский атындагы Мамлекеттик театр искусствосу институтун бүтүргөн. 1967-69-жылдары Мамлекеттик цирк жана эстрада искусствосу окуу жайында концертмейстер, 1969–70-жылдары В. Приказчиков жетектеген «Жаңы электрон» аваздык-аспаптык ансамблинде, 1970-жылы Росконцертте солист, 1971–73-жылдары О. Лундстрем жетектеген эстрада оркестринде, 1974–76-жылдары Ю. Слободкин жетектеген «Шайыр балдар» («Весёлые ребята») эстрада ансамблинде иштеген. 1975-жылы Болгарияда өткөн «Алтын Орфей» эстрада ырларынын XI эл аралык фестивалынын Гранпри сыйлыктын жеңип алган. 1977–78-жылдары өзү жөнүндөгү «Ырдаган аял» аттуу фильмге музыка жазган жана башкы каармандын ролун аткарган. Ошондой эле «Кереметтер маалы», «Сүйүүгө сүйүү менен» ж. б. фильмдерге тартылган. Сопот шаарында өткөн «Интервидение-78» – конкурсунда «Братиславалык лира» (Чехия), «Славян базары» (Беларуссия), «Азия добушу» (Казакстан) ж. б. Гран-приге татыган (1978), көптөгөн эл аралык конкурс жана фестивалдарга конок жана калыс катары катышкан: 1988-жылы «Ыр театры» менчик театр-студиясын ачып, андан россиялык көптөгөн эстрада ырчылары таалим алган. 2001–05-жылдары өзүнүн атындагы «Алланын алтын жылдызы» аттуу сыйлыктын уюштурган. 2006–11-жылдары «Алла» FM радиостанциясынын көркөм жетекчиси. РФ мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1995). II, III, IV даражадагы «Мекен алдында сиңирген эмгеги үчүн» ордени жана көптөгөн эл аралык орден, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү