Аллеманда - (фр. allemande - немецтик) - эски бий. Жай темпте. Алгач Германияда пайда болгондуктан, аны француздар аллемандардыкы (немецтердики) деп аташкан. 16-кылымдын ортосунда Англия, Нидерландияда кеңири тараган. 17-18-кылымда Францияда клавесин, лютня, оркестр үчүн жазылган сюитанын эң негизги жай бөлүмү аллеманда аталган.

Аллеманда (1769).

Колдонулган адабияттар түзөтүү