Өмүр баяны түзөтүү

Матубраимов Алмамбет (1952-ж.т., Ош облусу, Өзгөн району, Кошатер айылы) – коомдук жана мамлекеттик ишмер.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (1995).

Ташкен текстиль жана жеңил өнөр-жай институтун бүтүргөн.

Мастерден өнөржай ишканасынын директорлугуна чейин иштеген.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук аткомунун Эл депутаттар советинин төрагасы, өнөржай министринин 1-орун басары (1991), Кыргыз Республикасынын 1-вице-премьер-министри (1993) болуп иштеген.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б., 2003