Алоэ — жапайы жана үйдө өстүрүлүүчү өсүмдүк. Дары өсүмдүк катары Ажарияда өстүрүлөт. Анын маңызында ферменттер, витаминдер көп болуп, андан сырткы ириңдүү жараларды, күйүктү, теринин сезгенүү ооруларын дарылоочу шире даярдалат. Өнөкөт ич катууда күнүнө 2—3 жолу (тамак ичерден жарым саат мурда) 1 чай кашыктан ичүү сунуш кылынат.

Алоэ


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8