Алтын казык (жылдыз) — Кичи жетиген топ жылдызынын эң жарык жылдызы (a-Кичи жетиген). Батпай турган топ жылдыздардын катарына кирет. Жердеги байкоочуга ал дайыма бир чекитте турат. Кээде ал Уюл жылдызы деп да аталат. Анткени дүйнөнүн түн. уюлунан тик чыгыш боюнча Iⁿ, 8m мин жана жантаюу боюнча 89°01' айырмаланып тургандыктан, жердеги байкоочу ал аркылуу уюлду жана анын бардык тарабын аныктай алат. Анын өңү саргыч келип, бетинин температурасы 7000°Кге барабар. Көрүнгөн жылдыз чоңдугу 2,1 mден 2,3 mге чейин өзгөрөт. Алтын казык аркылуу уюлду жана анын бардык тарабын аныктаса болот. Асман сферасындагы жылдыздар Алтын казыкка салыштырылып аныкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү