Алча же алыч (лат. Prunus divaricata Ledeb.) - роза гүлдүүлөр тукумунун кайналы уруусундагы мөмөлүү дарак; бийиктиги 3-10 м, гүлү ак, мөмөсү тоголок, сүйрү, өңү сары, кызыл, малакызыл, каракочкул, даамы кычкыл, салм. 15-35 г. Илдетке туруктуу, көчөтү 2-3 жылдан кийин мөмө байлайт.

Алча.

Жапайы жана өстүрүлмө түрү Балкан жарым аралында, Орто жана Кичи Азияда, Иран, Түндүк Кавказ, Украина, Закавказье, Молдавияда кездешет. Кыргызстандын түштүгүндөгү мөмө-жемиш токойлорунда 30дай жапайы түрү өсөт. Кийинки жылдары ири мөмөлүү алча өстүрүлө баштады. Бир түп дарагынан 810 кг түшүм алынат.

Мөмөсүндө кант, алма жана лимон кислоталары, С витамини болот. Андан компот, кыям, повидло ж.б. жасалат. Кеңири белгилүү сорттору: Изобильная, Малиновая, Десертная ж. б. Зыянкечтери: кара алтынчык, алма шиштумшугу ж. б. Илдеттери: клястероспориоз, вертицилёз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү