Альтруизм (фра. altruisme, лат. alter – башка)
Жаны жаралган этнос өзү жөнүндө жарыя салары менен түздөн-түз дүйнөлүк тарыхый процесстерге катышууга киришет. Бул деген анын өзүнө ар дайым душмандашып келген коңшулары менен өз ара аракеттне башташын түшүндүрөт. Башкача болушу мүмкүн эмес, анткени жаны, активдүү, мурда учурабаган нерсенин пайда болушу дайыма жашоонун көнүмүш жана көңүлгө жаккан жагдайларын өзгөртүп жиберет эмеспи. Этнос жаралган региондун байлыгы да дайыма чектелүү болот. Баарынан мурда азык-түлүктүн аздыгы байкалат. Андыктан мурдагы туруктуу турмуш абалында, жайчылыкта жашап келаткандар капыстан чыга келген, жөн-жайы түшүнүксүз, көңүлдөрүнө жакпаган адамдарга катарынан орун берүүнү, өздөрүн чектөөнү деги эле каалабайт. Жаңыга каршылык көрсөтүү өзүн-өзү сактоонун табигый көрүнүшү катары пайда болот жана курч мүнөзгө ээ, ал көпчүлүк убакта кызыл-кыргын согушту жаратат. Жеңишке жетиш, эң кур дегенде өзүн коргоп калыш үчүн этностун ичинде альтруисттик этика, т. а., жамааттын кызыкчылыгын өзүнүн жеке кы- зыкчылыгынан жогору коюу орун алышы зарыл. Мындай этика үйүрлөшүп жашаган жаныбарларда да учурайт, бирок бул этика адамдарда гана өз түрүн сактап калуунун бирден бир фактору катарында мааниге ээ. Альтруизм ар дайым өзүмчүлдүк (эгоисттик) этикага катарлаш турат. Өзүмчүлдүк этикасында жеке жана үй-бүлөлүк кызыкчылык коомдук кызыкчылыктан жогору коюлганына карабай, коом менен жеке адамдын кызыкчылыктары көпчүлүк учурларда дал келгендиктен курч карама- каршылыктар сейрек кездешет. Адамды түр катары сактап калуу, т. а. этносту сактап калуу көз карашынан алганда бул эки этикалык концепциялардын эриш-аркактыгы оптималдуу абалды түзөт. Бирок функция- лар бөлүнүп кетет. "Альтруисттер" этностун бир бүтүндүгүн коргойт, "өзүмчүлдөр" этностун тукумун улайт. Анткени менен табигый тандалуу "альтруисттердин" санын кыскартып отургандыктан акыры этнос өз кор- гоочуларынан ажыраган кезде коңшу этностор аны өзүнө сиңирип алат. "Өзүмчүлдөрдүн" тукуму болсо эми башка этностордун ичинде жашап, альтруисттерди өздөрүнүн эр көкүрөк коргоочулары катарында эмес, азоо чалыш, кекирейген жана кара мүртөз адамдар катары эстеп коюп жашай беришет.

Бул жобону тарыхый материалдар аркылуу текшерүүнүн бир гана ыкмасы бар, ал жөнүндө толугураак токтолуу керек. Этика аныктыктын кадимкиликке болгон мамилесин талдоодон өткөрөт, ал эми аныктык болсо кадимкилик сыяктуу эле ар бир доордо өзгөрүп турат. Бул өзгөрүүлөр булактардын авторлору тарабынан өтө сергек баяндалат, ал эми башка учурларда алар уялбай-этпей эле фактыларды бурмалап жиберишет. Авторлор ал өзгөрүүлөр жөнүндө жазганда болуп жаткан чындыкты эмес, аларга дайыма шексиз нерседей болуп көрүнгөн идеалды жазышат, жазганда да чын дилинен жазышат. Андыктан биз көнүмүш жүрүш-туруш адаттардын өзгөрүп, бирин бири алмашуусун аныктоо үчүн өткөн доорлордун тарыхграфиясын, а түгүл көркөм адабиятын да маалыматтардын булагы катарында эмес, сын көз менен карап изилдей турган фактылар катарында пайдалана алабыз жана мунун жардамы менен тиги же бул процесс чындыгында кандайча болуп өткөнүн тактоого мүмкүнчүлүк алабыз. Мисалга биз окурманга жакшы белгилүү болгон кайсы бир элдин (мамлекеттин, саясий институттун, социалдык-экономикалык мамилелердин эмес, дал этностун) тарыхынын басып өткөн бир үзүмүн келтирели да, анын фазаларына үстүртөн эле көз чаптырып көрөлү. Буга Байыркы Рим шаармамлекети ылайыктуу мисал боло алат. Эгерде анын айтылуу падышалар мезгилин, коомдук системанын мүнөзүн аныктоочу алгачкы сецессиядан (плебейлердин Ыйык тоого кетиши, андан соң алардын патрицийлер менен жалпы тил табышы) баштап, Каракалла жардыгына (Римдин провинциялык букараларынын римдиктер деп таанылы- шы) чейинки мезгилин, т. а., б. з. ч. 949-жылдан б. з. 212-жылына чейинки мезгилин карап чыга турган бөлсөк "альтруисттер" менен "өзүмчүлдөрдүн" эволюциясынын ара катышын айкын-ачык көрүүгө болоот. Баса, мындай байкоону байыркы рим тарыхчылары да жүргүзүп, бул процессти "пейилдин кедери кетиши" деп аташкан.

Пуни согушу бүткөнгө чейинки алгачкы мезгилде мекен үчүн жан кыюудан жалтанбаган баатырлар көп болгонун булактардын авторлору баяндайт. Муций Сцевола, Аттилий Регул, Цинцинат, Эмилий Павел жана аларга окшогон дагы көптөгөн баатырлар, балким, көбүн эсе патриоттук легендалардын шарапаты аркылуу жаралган баатырлар болсо керек, дал ушундай инсандар жүрүш-туруштун идеалы катары үлгү болушканы маанилүү. Граждандык согуш мезгилинде абал кескин өзгөрөт. Эми партиялардын жетекчилери: Марий же Сулла, Пөмпей, Красс же Цезарь менен Сертөрий, Юний Брут же Октавиан баатыр болуп чыга келишти. Алар эми ата мекен үчүн жанын бербегени менен партиялардын кызыкчылыгы үчүн, өзүнүн жеке кызыкчылыктарынын пайдасы үчүн баштарын байлап коюп күрөшкөн. Принципат доорунда да баатыр жана күжүрмөн ишмерлер көп эле, бирок алардын баары жашырып-жаппай эле өз кызыкчылыгы үчүн аракеттенишкенин, алардын мындай жүрүш- турушу катары коомчулук тарабынан кадыресе жана бирден бир мүмкүн болуучу жүрүш-туруш кабыл алынган. Эми императорлор менен кол башчыларды оз милдетин ак ниеттүү аткаргандыгы, т. а. кара ниеттик жана чектен чыккан ырайымсыздык кылбагандыктары үчүн макташа турган болушту. Мунун өзү аларды "аң-сезимдүү өзүмчүлдөр" катары кабыл алуу дегендик, мындай мамиле алардын өздөрү үчүн өтө пайдалуу болгон. Оптиматтар менен популярлардын партиялары жоголуп, эми алардын ордун тигил же бул легиондордун топтору, айталы, сириялык, галлиялык, паннониялык жана д. у. с. топтор басып, алар бири-бири менен жалаң гана бийлик жана байлык үчүн салгылашып жатышты. Северлердин династиясы бийлик жүргүзүп турган мезгилде идеал менен пайдакорлук салтанат курду. Так ушул учурда Роpulus romanus деп аталып жүргөн рим этносу өзү каратып алган элдерге сиңип кетиши бекеринен болгон эмес.

Так ушундай эле көрүнүштү мусулмандар менен согушуу эң маанилүү маселеге айланган Орто кылымдардагы Батыш Европадан учуратабыз. Алгачкы эпикалык поэмалардын каармандары — Роланд менен Сид христианчылыктын түркүктөрү катары сүрөттөлөт. Чындыгына келгенде Роланд Бретон маркасынын маркграфы болгон, аны маврлар эмес, баскалар өлтүргөн. Ал эми Сид жөнөкөй эле туруксуз шылуундардын бири болгон. Ошентип альтруисттик менен баатырдык идеал тутулду. Кийинчерээк жаралган, экинчи мезгилдин чыгармасында, каарман өзүн унутпайт. Кортес менен Писарро, Васко де Гама жана Албукерки, Френсис Дрейк жана Лепантодогу согуштун жеңүүчүсү Хуан Австрийский ушундай баатырлар. Алар эр жүрөк, ошол эле учурда өз керт башынын пайдасын ойлогон, дүнүйөкор адамдар экендиктери эч кимди кыжалат кылбайт, тескерисинче, көпчүлүк алар менен сыймыктанышат, кубатташат. Дагы бир кыйла убакыт өтөт, эми жалданма жоокер баатыр болуп чыга келет. Ал акылдуу, чыдамкай, токтоо болсо болгондур, бирок ал өз жанын сактап калуу үчүн гана аракеттенген неме болот.

Биз белгилүү бир багытта өзгөрүлүп жүрүп отурган идеал жамааттын маанайын билдирип турган көрсөткүч болгондугун көрүп отурабыз, мында автор каарманга эмоциялуу мамиле жасайт, ошондуктан ал аңсезимдүү түрдө жалган нерселерди жазууга барбайт, ал эми мындай маанайлар алда канча тереңде жаткан маңызды — жүрүш-туруш адаттарынын өзгөргөнүн чагылдырып турат, бул болсо адамдардын жамаат болуп жашоосунун этникалык табиятынын чыныгы негизи болуп саналат.

Албетте, мындай учурларда аң-сезим чөйрөсүн эске албай коюуга жарабайт, анткени аң-сезим гана курч абалдардын учурунда эң оптималдуу чечимдерди табууга мүмкүндүк бере алат. Этникалык жаңы система жаралып, күүлөнүү күчүнө киргичекти процесс сырттан болгон таасир аркылуу гана үзүлүп калышы мүмкүн, демек, бул процессте бекем себептик байланыштар (фатализм) үчүн орун жок.

Колдонулган адабияттар түзөтүү