Аляскит - (Аляска жарым аралынын атынан) - курамы калийлүү талаа шпатынан (ортоклаз же микроклин) жана кварцтан (25-55%) турган ачык түстүү (лейкократтуу) гранит тибиндеги магма тоотеги. 1900-ж. америкалык геолог Дж. Спёр аныктаган. Структуралык түзүлүшү бүртүктүү, чанда порфир сымал, өңү кызгылт, ак, бозомук. Аляскит менен сейрек кездешүүчү металлдардын кендери байланыштуу. Аляскит имараттардын дубалын кооздоодо, каптооч курулуш материалдары катары пайдаланылат.

Аляскит.

Колдонулган адабияттар түзөтүү