Аманулла-хан (1892-1960) - афган королу (1919-29). Улуу Британияга каршы Аманулла-хан башында турган афган элинин боштондук күрөшү ийгиликке жетишип, 1919-ж. 28-февралда Афганстан көз каранды эмес мамлекет катары жарыяланган. 1919-ж. РСФСР менен достук келишимин, 1926-ж. бейтараптык жана өз ара кол салышпоо жөнүндө СССР менен келишим түзгөн. Аманулла-хандын реформалары улуттук экономиканы жана маданиятты өнүктүрүүгө жана мамлекеттин көзкаранды эместигин бекемдөөгө багытталган. Анын тушунда кулчулукка каршы, балакатка жетпей никелешүүгө, ошондой эле калың төлөп, аял алууга ж. б. тыюу салган мыйзамдар кабыл алынган. Көптөгөн жаш афгандыктар билим алууга мамлекет тарабынан Европага жана Түркияга жиберилген. 1923-ж. Афганстандын алгачкы Конституциясы кабыл алынган. 1928-29-ж. Афганстанда Аманулла-хандын реформаларына нааразы болгон мусулман дин башчылары козголоң уюштуруп, Аманулла-хан чет жерге качууга аргасыз болгон. Цюрихте (Швейцария) дүйнөдөн кайтып, сөөгү Желалабадга (Афганстан) коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү