Америка киноискусство академиясы

Америка киноискусство академиясы - коммерциялык эмес уюм. 1927-жылдын май айында негизделген. Анда академиянын 36 гана мүчөсү болсо, азыркы учурда анын мүчөлөрү миңдеп саналат. Америка киноискусство академиясы негизделгенде анын актёрлор, режиссёрлор, продюссерлер, кинотехниктер, сценарийчилер гильдиясы (бирикмеси) болгон. Академияны төрт жылга шайланган президент башкарат. Америка киноискусство академиясы - АКШнын улуттук киноискусствосунун өсүшүнө гана эмес, жалпы дүйнөлүк кинонун өнүгүшүнө таасир эткен абройлуу уюм. 1929-жылдан бери академия уюштурган «Оскар» киносыйлыгы жыл сайын кинонун ар кыл тармактарындагы эң мыкты жетишкендиктери үчүн жыйырмадан ашуун номинация (аталыш) боюнча ыйгарылат. Сыйлыктын символу - бийиктиги 26,3 см, оордугу 3,85 кг статуэтка. Статуэтканын авторлору коюучу сүрөтчү Седрик Гиббонс жана айкелчи Жордж Стэнли. Америка киноискусство академиясынын туңгуч «Оскары» 1929-жылдын 16-майында Уильям Уэлмандын «Канаттар» фильмине ыйгарылган, ал эми Чарли Чаплин «Цирк» фильми үчүн ушул сыйлыкка арзыган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү