Аморфтук заттар — ички түзүлүшү боюнча бөлүкчөлөрү башаламан, иретсиз жайгашкан катуу заттар. Мисалы, айнек, фарфор, чопо жана башка. Аморфтук заттардын айырмалаган эң негизги касиети изотроптук касиет, башкача айтканда анын физикалык касиеттери: жылуулук өткөргүчтүүлүгү, бышыктыгы жана башка бардык багыттар боюнча бирдей болушат. Аморфтук заттардын белгилүү эрүү температурасы болбойт, алар температуранын жогорулашы менен жумшарып барып температуранын кандайдыр интервалында эрийт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү