Анафeма (грекче anathema - каргыш) - кудайдын атынан каргоо, эң жогорку жаза катарында чиркөөдөн чыгаруу. Халкиндондо бүткүл ааламдык собордо киргизилген. Ал ар түрдүү тармактагы чиркөөлөр тарабынан саясий максат үчүн, диний террордук курал катары прогрессивдүү, демократтык кыймылдарга каршы колдонулган. Россиялык православиялык чиркөөдөн: И. И. Болотников, С. Т. Разин, Е. И. Пугачев, декабристтер жана башкалар анафeма алышкан. 1918-жылы патриарх Тихон Совет бийлигин анафeмага берген. Азыркы мезгилде Ватикан саясий жана идеологиялык кысым көрсөтүш үчүн колдонот. Чиркөөдөн башка кыймыл менен байланышса динчилдер да чыгарылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1