Англия-Бирма согуштары - 19-кылымдагы Англиянын Бирманы каратып алуу үчүн жүргүзгөн баскынчылык согуштары. Биринчи Англия-Бирма согуштарынын (1824-26) жүрүшүндө англиялык Ост-Индия компаниясы Рангунду, Аракан жана Тенассерим аймактарын ээлеп, Бирманын борбор шаары Авыга кирген. 1826-жылы 24-февралда Бирмага Яндабо келишимин таңуулаган. Келишим боюнча Бирмадан Аракан, Тенассерим жана 19-кылымдын башында Бирма каратып алган Индиянын Ассам жана Манипур княздыктары тартып алынган, 1 млн фунт стерлинг өлчөмүндө контрибуция төлөөгө милдеттендирилген. Экинчи Англия-Бирма согушу (1852) Ост-Инд компаниясынын мон, шан жана карен урууларынын көтөрүлүшүнөн пайдаланып, Бирманын Пегу облусун кошуп алуусу менен аяктайт. Үчүнчү Англия-Бирма согушу (1885) Улуу Британиянын Бирманы толук багындыруусу менен аяктайт. 1886-жылы 1-январдагы манифест боюнча Бирма Англиянын ээлиги катары таанылып, өзүнчө провинция катары Индиянын курамына кошулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1