Андре Вейл (фран. André Weil; 1906-жыл 6-май, Париж - 1998-жыл 6-август, Принстон) - француз математиги.

Андре Вейл, 1956.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Андре Вейл элстик жөөт үй-бүлөдө туулган. Жогорку кадыресе мектепти бүтүргөн (фр. École Normale Supérieure). Жак Адамар жана Эмилия Пикаранын окуучусу болгон. Ал жерде А. Картан, Шевалле, Дйодонне жана башкалар менен топ уюштурган. Бул топ кийинирээк Никол Бурбаки аты менен таанылган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда АКШга жер оодарып, Чикаго университетинде жана Принстондогу Алдыңкы изилдөөлөр институтунда эмгектенген.

Вейл керектүү деңгээлде негиздей алган алгебралык геометрия, функционалдык анализ (өзгөчө топологиялык топтордо интеграциялоо жана ченем теориясы) боюнча эмгектери менен, бирок эң ириде ("Галуа когомологийи" деп аталган) гомологиялык алгебра аппаратын колдонгон сандар теориясы жааттарындагы фундаменталдуу эмгектери менен таанымал. Математиканын өнүгүшүндө Вейлдин алгебралык ар түрдүүлүктүн дискреттик дүйнөсү менен типологиянын үзгүлтүксүз дүйнөсүнүн ортосундагы байланышка ишара кылган гипотезалары чоң роль ойногон (бул гипотезаларды эң ириде А. Гротендик жана П. Делин далилдеген). Анын көз караштарына структурализм философиясы чоң таасир берген. Бул К. Леви-Стросс менен жекече тааныштыктан улам болгон. Ал Леви-Стросстун "Тектештиктин элементардык структурасы" атту китебине математикалык тиркеме жазган. Вейлдин жана башка "Бубракилердин" баамында математиканын жөнү математикалык структураларды изилдөөдө жатат.

1979-жылкы Вольф сыйлыгынын лауреаты.

Анын эң белгилүү шакирттери П. Картье жана П. Свиннертон-Дайерлер болушкан.

Карындашы Симона Вейл белгилүү философ болгон. К. Шевалле менен бирге белгилүү математик Герман Вейлдин чыгармачылыгы жөнүндө жазса да, А. Вейль анын тууганы эмес.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Калып:Math-bio-stub Калып:FR-bio-stub