Анекдот (фр. anecdote — кызыктуу окуя жөнүндө кыска баян; грек. τὸ ἀνέκδοτоνдан — жарыяланбаган, сөзм. «басып чыгарылбаган»[1]) — адатта ооздон оозго өтүүчү фольклордук жанр, кыскача күлкүнүчтүү окуя. Тамашалуу жана сатиралык мүнөздөгү курч маанилүү, кыскача оозеки баян.

Анекдот көбүнчө белгилүү бир көрүнүшкө, адам мүнөзү менен кыял-жоругуна байланыштуу айтылат, социалдык-нравалык маани таамай, күчтүү болот. Адабиятта да кеңири кездешет.

Кыргыз тилинде башка түрк элдериндеги сыяктуу Молдо Насреддин, Кожо Насреддин, Маширап дубана жана Апендинин ысымдарына байланыштуу анекдоттор көп айтылат. Ошондой эле Куйручук, Жоошбай, Шаршен сыяктуулардын кыял жоруктарына байланыштуу айтылган анекдоттор да көп кездешет.

Шилтемелер түзөтүү

  1. Петровский М. Анекдот.// Словарь литературных терминов. М., 1925