Анжыр (Ficus cariсa, L.) – тыт тукумунун фикус уруусундагы субтропик мөмө дарагы. Бийиктиги 12-15 м. Сөңгөгүнүн диаметри 0,2-0,5 м. Тамыры жоон, бутактуу. Жалбырагы жазы, күбүлмө, 3-7 тилкелүү. Мөмөсү майда, көп уруктуу, тоголок же алмурутка окшош, салмагы 32-77 г. Курамында 12-23 % кант, 0,5-4,2 % пектин заттары, 3,4-7,4 % клетчатка, А, С, В1, В2 витаминдери, каротин, кальций, темир, фосфор бар. Анжырдын мөмөсү таттуу, жумшак. Жаңы кезинде жана кургатылып желет, кыям, компот даярдалат. Анжыр эки үлүштүү өсүмдүк, 2-3 жылдан кийин мөмө байлап түшүм берет. Ар түп дарактан 20-100 кг түшүм алынат. Жер ортолук деңизинин жээктеринде, Иранда, Индияда жана Азияда жапайы түрү өсөт. Грузияда , Азербайжанда , Арменияда , Борбор Азия өлкөлөрүндө, Крымда жапайы жана өстүрүлмө түрү бар. Кыргызстандын түштүгүндө өстүрүлөт. Кызыл китепке катталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү