Анималисттик жанр (лат. animal – жаныбар). Айбанаттарды сүрөттөп тартууга арналган көркөм сүрөт искусствосундагы жанрдын бир түрү. Анималист – ушул тармакта адистешкен, айбанаттарды тартуучу сүрөтчү. XVII–XVIII кылымда анималист – сүрөтчүлөрдүн катарына А. Кейп, П. Поттер, Р. Бонер, Э. Г. Лендсир, Б. Лилиефорс, Н. Е. Сверчков, Е. А. Лансере жана башкалар кирген. Сов. сүрөтчү-скульпторлор Ватагин В. А., Ефимов И. С., Чарушин Е. И. чоң ийгиликтерге жетишкен. Алардын айрымдары колдонмо көркөм искусство чеберлери жана балдар китептеринин иллюстраторлор да болушкан. Азыркы мезгилде «анималист» деген термин көп колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү