Aнтантa (фра. Entente cordiale - «ыкластуу макулдук») — Орусия империясы, Улуу Британия, Франция жана Герман империясы башында турган Үчтүк союзуна (Герман империясы, Италия, Австрия-Венгрия) каршы багытталган аскердик-саясий союзу; 1891-1893-жылы француз-орус, 1904-жылы англис-француз, 1907-жылы англис-орус макулдашууларынын негизинде бекемделген. Союзду бекемдөө үчүн Орусия империясы, Улуу Британия, Франция 1914-жылы сентябрда Лондондо сепараттык тынчтык түзбөө жөнүндөгү келишимге кол коюшкан, 1915-жылы ага Япония кошулган. Aнтантa союзу 1914-18-жылдагы 1-дүйнөлүк согуш учурунда германиялык коалицияга каршы 20дан ашуун АКШ, Англия, Бельгия, Франция, Бразилия, Япония, Гватемала, Гондурас, Грекия, Италия жана башка мамлекеттерди бириктирген. Aнтантaга жана Үчтүк союзга кирген негизги мамлекеттер дүйнөнү кайра бөлүштүрүүнүн империалисттик программасын иштеп чыгышкан. Орусияда Улуу Октябрь революциясы жеңген соң, Совет бийлиги Тынчтык жөнүндөгү декретти кабыл алуу жана сепараттык Брест тынчтык келишимине кол коюу менен согуштан чыгып кеткен.

Aнтантa (1912).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1