Антарктида оазиси - Антарктиданын чет жакасындагы муз каптаган бош жерлер. Аянты ондогон км2ден жүздөгөн км2ге (Бангер оазиси, 952 км2) чейин. Айланасындагы аймактардан катаалдыгы азыраак жергиликтүү климаты, суук чөл ландшафтысы, суунун жыл бою суюк абалда болушу, көлдөрүнүн көптүгү, криоген-структуралуу топурактын жана органикалык тиричиликтин болушу менен айырмаланат. Кадимки же шельф жанындагы, тоо аралык жана тоолуу оазистерге бөлүнөт. Антарктида оазисинде уюлдук станциялардын көбү жайгашкан. Чөл оазистерине окшоштуктары боюнча (аларды айланасындагы жерлерге караганда жашоого ыңгайлуураак шарттары боюнча бириктирет) «Оазис» терминин Антарктиданын шартына ылайыктап колдонууну 1938-жылы канадалык уюл изилдөөчү А. Стефансон сунуш кылган.

Антарктида оазиси.

Колдонулган адабияттар түзөтүү