Антисемитизм – расисттик, улутчулдук идеологиянын бир түрү. Семит элиневрейлерди куугунтуктоо жана жек көрүү. Антисемитизм – библиялык мезгилде Жакынкы Чыгышта уруулардын, мамлекеттердин өз ара карама-каршылыктарынан улам келип чыгат. Израилдиктердин дүйнөгө тарашы менен тил, салты, адаттары менен айырмаланып, геттодо жашашкан. ХХ к. антисемитизм 1905–07-ж. 1918–20-ж. еврейлерди куугунтуктоо, кыйратуу күч алып, гитлердик фашизм 6 млн. еврейди – Бабий-Ярда, Освенцимдеги лагерлерде өлтүрүшкөн. Азыр антисемитизм – идеясын Россияда түзүлгөн оңчул радикалдык топ «Память» көтөрүүдө. Антисемитизмге каршы Э.Золя, Л.Толстой, М.Горький ж.б. көптөгөн жазуучулар күрөшүшкөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9