Антрацен, С14Н10 - конденсацияланган ароматтык углеводород, түссүз кристалл. Балкып эрүү t 216,6°С, кайно t 351°С. Орг. эриткичтерде аз эрийт. Эритмеси кызгылт көк түстө. Техникада А. ташкөмүр чайырынын 300-350°С кайноочу фракциясынан (антрацен же жашыл май аттуу) бөлүнүп алынат. Синтездик ыкма менен Фридель-Крафтс же Фиттинг реакциясы б-ча алынат. О. эле анын фталь ангриди менен бензолдон пайда болгон антрахинондон андан ары калыбына келтирүүдөн алууга болот.

Антрацен.

1-жолу 1832-ж. ташкөмүр чайырынан табылган. Аны 1867-ж. Ю.Ф.Фрицше таза түрүндө алып, изилдеген. Хим. жактан А. нафталинге караганда көбүрөөк каныкпаган мүнөздө болот. А. мезо-көмүртек атомдору реакцияга оңой кирет, анын окистенишинен антрахионон алынат. 9-, 10-абалдарына суутекти, бромду, малеин ангидридин оңой кошуп алат. 9-, 10-абалдын активдүүлүгү - эки бензолдук ядронун таасири болуп саналат. А. негизинен антрахинон, андан түрлүү түстөгү боёктор алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү