Анaнд Мулк Радж (12. 12. 1905, Пешавар 28. 9. 2004) - инди жазуучусу, илимпоз жана коомдук ишмер. Англис тилинде жазган. 1929-жылы Лондон университетин бүтүргөн. Философия илимдеринин доктору, Пенжаб университетинин профессору (1962). 1936-жылы Индия прогрессчил жазуучуларынын ассоциациясын уюштурган. Ал алгачкы «Колтийбес» (1935), «Кыштак» (1939) деген чыгармаларында карапайым жумушчулардын, кедей-дыйкандардын оор турмушун сүрөттөйт. Ананд - «Индия раджасынын жеке турмушу» (1953), «Жол» (1961), «Баатырдын өлүмү» (1963) жана башка прозалык чыгармалардын автору. «Жети жыл» (1951) жана «Таң супасы» (1964), «Сүйгөндүн дилинен чыккан сөз» (1976) аттуу автобиографиялык үчилтигинде колониализмдин калдыктарын айыптаган. Анын «Кулдар» (1936), «Кылыч жана орок» (1942) аттуу романдарында социалдык маселелер козголуп, карапайым калктын жашоо турмушун чагылдырат. Ананд - Тынчтыктын эл аралык сыйлыгынын лауреаты (1953).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1