Аппалачи (Appalachian Mountains, индейлердин аппалачи уруусунун атынан) – Түндүк Американын чыгышындагы орто бийик тоолордун системасы. АКШ менен Канаданын аймактарында түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 2600 кмге созулуп жатат. Басымдуу бийиктиги 1300-1600 м, эң бийик жери - 2037 м (Митчелл чокусу). Кырка тоолордон, өрөөндөрдөн, платолордон, бөксө тоолордон турат. Түндүк Аппалачи каледон, түштүк Аппалачи герцин бүктөлүүлөрүндө пайда болгон. Аппалачинин түндүк жана түштүк-чыгыш бөлүгү кристаллданган, батыш жана түштүк-батышы негизинен чөкмө тоо-тектерден (кумдук, доломит, акиташ) турат. Таш көмүр (Аппалачи көмүр бассейни), нефть жана күйүүчү газ, темир, титан, асбест кендери бар. Түндүк Аппалачинин (Мохок жана Гудзон дарыясынан түндүктө) бийиктиги 400-600 м болгон күдүрлүү бөксө тоошондой Андан чокулары жылма, капталдары жантайыңкы Адирондак (1628 м), Жашыл тоолор (1338 м), Ак тоолору (1916 м) жана массивдери көтөрүлүп жатат. Too массивдери тектоникалык өрөөндөр (кийин мөңгүнүн аракетинен төрлөргө айланган) менен бөлүнгөн. Түштүк Аппалачинин кыр зонасы тик көтөрүлгөн Көгүлтүр кырка тоосунан (эң бийик жери 2037 м, Митчелл чокусу), көптөгөн жарыш кырка тоолордон жана массивдерден турат. Алар бири биринен эрозиядан пайда болгон кенен өрөөндөр (Чоң өрөөн) жана чуңкурчактар менен бөлүнгөн. Кыр зонасына чыгыштан Пидмонт, батыштан Аппалачи платолору тутумдашат. Түндүгүндө ийне жалбырактуу жана аралаш токой, 41° түндүк кеңдиктен түштүктү карай тоо этектеринде жазы жалбырактуу токой (каштан, эмен, клён жана башка). 1000 мден жогору аралаш жана ийне жалбырактуу токой өсөт.

Аппалачи.

Колдонулган адабияттар түзөтүү