Араван району - Ош облусундагы админ.-аймактык бирдик. Ал облустун түндүк батышында жайгашып, түндүгүнөн жана түндүк- батышынан Өзбекстан, түштүгүнөн Ноокат, чыгышынан Карасуу райондору менен чектешет. Аянты 1259 км. Калкы - 137 721 киши (2021)[1]. Район 8 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Борбору- Араван кыштагы. Район 1935-жылы уюштурулган.

Араван району
Белгиси
Белгиси

Араван району картада

Өлкө:

Кыргызстан

Абалы:

Район

Киргени:

Ош облусу

Курамында:

8 айыл өкмөтү,
50 айыл

Акимий борбору:

Араван

Түзүлгөн убакыты:

1935

Расмий тили:

Кыргыз тили

Калкы (2021):

137 721[1]

Жер аянты:

1340 км²

Деңиз
деңгээлинен бийиктиги:
 • Эң бийик чекити
 • Эң төмөн чекити



 1500 м
 500 м

Саат алкагы:

UTC+6

Табияты түзөтүү

Район Фергана өрөөнүнүн өндүрүнөн орун алган. Аймагы адырлуу. Түндүк бөлүгү деңиз деңгеелинен 500-700 м, түштүгү 700-1500м бийиктикте. Курулуш материалдарынын кени бар. Климаты континенттик. Январдын ортосунда температурасы -2..-3грдус, июлдуку 28градус. Жылдык жаан-чачыны 290-300мм. Ири суу- Аравансай. Сугатка пайдаланылат. Райондун түндүк бөлүгүнөн Түштүк Фергана каналы өтөт. Кыртышы боз топурактуу. Аймагынын көп бөлүгү айдалган, айдалбаган түзөң бөлүгү шыбак-баялыштуу, адырлар эфемер-шыбактуу келип, жарым чөлгө мүнөздүү өсүмдүкөр өсөт. Райондун аймагында облустун калкынын 7,8% жашайт.

Райондо 2001-2002- окуу жылында 50 жалпы билим берчү мектеп,30 мектепке чейинки мекемелер, китепканалар болгон. Райондо райондук оорукана, 2 участкалык оорукана, 19 фельдшер-акушердик пункт, 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана башка медициналык мекемелер иштейт.

Административдик-аймактык түзүлүшү түзөтүү

Райондо 8 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 50 айыл бар[2]:

Колдонулган адабияттар түзөтүү