Арена (латынча арена, сөзмө сөз - кум) - 1) Байыркы Римде оюн көрсөтүү үчүн амфитеатрдын ортосундагы кум төшөлгөн аянтча. Жырткыч айбандар менен гладиаторлорду (кул же согуш туткундарын) кармаштыруу үчүн пайдаланылган. Арена менен көрүүчүлөрдүн ортосуна суу толтурулган чуңкур же атайын тосмолор жасалган; 2) спорттук мелдештер өтүүчү көрүүчүлөр үчүн атайын жасалгаланган орундары бар жай. Анда футбол талаасы, чуркоо жолу, секирүү, ыргытуу жайы үчүн секторлору болот. Волейбол, баскетбол аянтчалары да аренага кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү