Ария (итал.— музыкалык чыгармаларда жеке адамдын аткаруусуна ылайыкташтырылган ыр). Мисалы, «Манас» операсындагы Сыргактын ариясы, «Ажал ордуна» драмасындагы Искендердин ариясы деп, бизде пьесалардагы ырларга байланыштуу каралып жүрөт. Музыкалык искусстводо ал өзүнчө бүткөн вокалдык чыгарманы да билдирет. . . Ариянын түрлөрү: ариетта, ариозо, каватина, кабалетта ж. б.; 2) Батыш Европа музыкасында бир катар ыр-бий жанрларын бириктирүүчү көп маанилүү термин; 17-кылымдан бий же ыр мүнөзүндөгү аспаптык пьеса. Аспаптык ария балетке, балеттик интермедияга кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1