Аркада оюну (англ. arcade game же coin-op) — көбүнесе ресторан, бар жана оюн-зоок аркадаларына орнотулган тыйын менен иштеген көңүл ачуучу машина. Көпчүлүк аркада оюндары видео оюндар, топ ыргытуу машиналары, электро-механикалык оюндар, сатып алуу оюндары же менчандайзерлер болуп саналат. Так мөөнөтү талаштуу болгону менен аркада видео оюндарыны алтын доору адатта 1970-жылдардын соңунда башталып, 1980-жылдардын ортосуна чейинки убакытты камтыган мезгил деп айтылат. 1990-жылдардын башындагы кыскача кайра жанданууну эске албаганда, аркада өнөр жайы Батыш жарым шарында бара-бара таасирин жоготуп койгон. Анткени атаандаштык жараткан Playstation жана Xbox сыяктуу үйгө негизделген видео оюн консолдорунун графикасы менен оюн тактикасы өнүгүп, ал эми баасы төмөндөп кеткен.

Nintendo платформа оюну Donkey Kong (1981).
Solar Assault (2008).

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү