Аркан - материалдык маданиятта байлоочу, таңуучу, тутуучу ж.б. милдеттерди аткаруучу буюм. Аркан бир нече жипти бириктире чыйратып же өрүп жасалган жоон жип. Кыл аркан (жүнгө жылкынын жал-куйругунан, топоздун кылынан кошуп эшилет); жүн аркан (койдун, эчкинин жүнүнөн эшилген жоон жип). Кыл аркан бодо малды тейлөөдө (жылкыны сыйыртмак же укурук менен кармаганда, жыкканда) көбүрөөк колдонулат. Аркан күндөлүк тиричиликте малды отко коюу (аркандоо), козу-улактарды көгөндөө, кулундарды желеге байлоо, үй буюмдарын таңуу, боз-үйдүн айрым бөлүктөрүн бириктирүүдө ж.б. кеңири колдонулат.

Аркан тартмай, алты бакан ж.б. оюн-зооктордо арканды колдонушкан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996(жеткиликсиз шилтеме)