Арнемленд - Австралиянын түндүгүндөгү жарым арал. Тимор жана Арафура деңиздери, Карпентария булуңу менен чулганат. Узундугу 320 кмдей, жазылыгы 460 кмдей. Кумдуктан турган плато (бийиктиги 400 мге чейин) ээлейт, ал дарыя өрөөндөрү аркылуу калдык тоо массивдерине бөлүнгөн. Өрөөндөрүнө нымдуу тропик токою, айдарым беттерине эвкалипт токою жана саванналар мүнөздүү. Уран-радий кени (РамЖангл) бар. Порту - Дарвин.

Арнемленд.

Колдонулган адабияттар түзөтүү