«Арстан падыша» (англ. The Lion King, орус. Король Лев) - 1994-жылы Walt Disney Feature Animation жана Walt Disney Pictures чыгарган америкалык анимациялык музыкалык драма. Уолт Диснейдин 32-мультфильми жана "Диснейдин Ренессансы" деп аталган мезгилде тартылган бешинчи анимациялык тасмасы. «Арстан падыша» Рожер Аллерс жана Роб Минкофф режиссёрлору менен коюлган, Ирэн Мечки, Жонатан Робертс, Линды Вулвертондун сценарийи боюнча тартылган тасма. Продюсерлик ишти Дон Хан жүргүзгөн. Икая Африкадагы арстан падышалыгында өтөт жана Жусуп менен Мусанын библиялык окуялары жана Уильям Шекспирдин «Гамлетинин» таасири тиет.

Арстан падыша
Жанры

музыкалык тасма, drama film, adventure film и family film

Режиссёру

Rob Minkoff,
Roger Allers

Продюсери

Don Hahn

Сценарийдин
автору

Linda Woolverton,
Irene Mecchi,
Jonathan Roberts

Композитору

Ханс Циммер,
Elton John,
Tim Rice,
Nick Glennie-Smith

Кинокомпания

Walt Disney Animation Studios и Walt Disney Pictures

Узактыгы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Бюджети

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Кирешеси

Маалыматтардын маңызы белгисиз. и Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Өлкө

АКШ

Тили

англис тили, Суахили тили, Xhosa и Zulu

Жылы

1994

Кийинки тасма

The Lion King II: Simba's Pride

IMDb

ID 0110357

«Арстан падыша» - арстандар үйүрүнүн падышасы болуу үчүн атасы Муфасанын жолун жолдогон Симба аттуу жаш арстан тууралуу. Бирок Симбанын агасы Скар Муфасаны өлтүргөндөн кийин, Симба куугунтукка алынат. Андан соң ал эки тентимиш менен жүрүп жетилет.

Тасманын үстүнөн иш 1988-жылы «Оливер жана компания» Европада жарнамалоо учурунда Жеффри Катценберг, Рой Э. Дисней жана Питер Шнайдердин жолугушуусунда башталган. Томас М. Диш тасманын башталышын жазган жана Вулвертон алгачкы сценарийлерин жазып чыккан, ал эми Жорж Скрибнер режиссёрлук менен алектенип, кийинчерээк Рожер Аллерс кошулган. 1991-жылы жүргүзүлүп жаткан иш «Покахонтас» менен бир убакта башталып, акыры Диснейдин эң мыкты аниматорлорунун көбүн алып келген. Студиянын кызматкерлери Кениядагы "Тозок капкасы" деген улуттук паркына барып, тасмадагы жагдайды жана жаныбарларды иликтөө үчүн баргандан бир канча убакыт өткөндөн кийин, Скрибнер тасманы мюзиклге айландыруу чечимине макул болбой, өндүрүштү таштап, анын ордуна Минкофф келген. Хан долбоорго кошулганда сценарийге нааразы болуп, икая кайра жазылган.

2016-жылы тасма Конгресстин китепканасы тарабынан Америка Кошмо Штаттарынын улуттук кино реестринде "маданий, тарыхый же эстетикалык жактан маанилүү" деп сактоо үчүн тандалган.

"Walt Disney Feature Animation"өндүргөн жана "Walt Disney Pictures" жайылткан бир-нече бөлүмдүү америкалык анимацияланган мюзикл тасма. Бул "Disney" студиясынын 32-анимацияланган тасмасы болуп саналат. Тасма Африкадагы арстандар королдугунда жер алып, Уильям Шекспирдин "Гамлет" чыгармасынан таасир алган. Тасманын режиссёрлору: Рожер Аллерс, Роб Минкофф, продюсери жана сценарийин жазгандар Ирен Меччи, Жонатан Робертс жана Линда Вулвертон. Тасмада үн коштогондор: Мэттью Бродерик, Жеймс Эрл Жонс, Жереми Айронс, Жонатан Тейлор Томас, Мойра Келли, Натан Лейн, Эрни Сабелла, Роуэн Аткинсон, Роберт Гийом, Мэж Синклер, Вупи Голдберг, Чич Марин жана Жим Каммингс.

"Арстан падыша"- 1994-жылы-15-июнда чыгып, киносынчыларынын жакшы сын-пикирлерине арзыган. Алар ошондой эле тасманын музыкалык окуясына жана анимацияланышына баа беришкен. Тасма 1994-жылдын эң кирешелүү тасмасы деп табылган жана дүйнөдөгү эң кирешелүү тасмалардын арасында экинчи орунду ээлеген. "Арстан падыша" мыкты музыка категориясында "Оскар" сыйлыгына жана "Мыкты тасма-мюзикл же комедия" наамында "Алтын Глобус" сыйлыктарын жеңип алган.

Тасма 2016-жылы Конгресс Китепканасы тарабынан"маданий, тарыхый, эстетикалык жактан маанилүү" деп табылып, Американын Улуттук кино реестринде сакталууга тандалып алынган.

Сюжети түзөтүү

Саванна падышасы, арстан Муфасанын жана анын аялы Сарабинин Симба деген уулу төрөлөт. Атасынын көзөмөлүндө чоңоюп, келечектеги башкаруучу болуп өсөт.

Ал ортодо Муфасанын бир тууган иниси Скар өзү падыша болуу үчүн андан да, жек көргөн инисинен да кутулууну кыялданат. Скар атайылап Симбага падышалыктын тышындагы кооптуу жер болгон - Пилдер көрүстөнү жөнүндө айтып берет. Симба ал жакка өзүнүн сүйлөшкөн кызы Нала менен барат, аларга ач сырттандар кол салышат. Бирок убагында пайда болгон Муфаса балдарды сактап калат.

Анан Скар дагы бир планды ойлоп табат – ал Симбаны каньонго алдап алып келет жана сырттандарды гну бөкөндөрдүн үйүрүн коркутуу үчүн жиберет. Ошентип дүрбөлөңгө түшкөн гну үйүрү кичинекей арстанды тепселеп өлтүрсүн деп. Атасы уулун сактап калууга аракет кылып өлөт деп ойлоп, Муфасанын өзүн чакырат. Бирок план жарымы гана ишке ашты: Муфаса уулун сууруп чыгып, өзү кырдын четине жармашат.

Падыша жакын жерде турган Скардан жардам сурайт, бирок ал бир тууганын түртүп жиберет, Муфаса чоң бийиктиктен дүрбөлөңгө түшкөн гну бөкөндөрү үйүрдүн туягынын астына кулап каза болот. Бөкөндөр качкан соң Симба атасынын сөөгүн таап, аны жоктоп ыйлайт. Келип калган агасы Симбаны атасынын өлүмүнө өзү күнөөлүү экенине ынандырат, ошондуктан аны өз Мекенинен куугунтукка салат. Жана Симбадан так кутулуу үчүн, Скар анын артынан сырттандарды жиберет, ал эми Симба керемет жолу менен аман калат.

Бала жунглиге качып, жаңы үй таап, ал жерден жаңы достору менен таанышат - сурикат Тимон жана каман чочко Пумба. Алар «Хакуна Матата» (суахили тилинде Хакуна Матата, «кайгысыз жашоо») деген ураандын астында ага убайымсыз жашоону үйрөтүшөт. Көп жылдар өтүп, кичинекей бала чоң арстанга айланат.

Ошол эле учурда, Скар өзүн жаңы падыша деп жарыялайт, Прайд жергесинде аны колдогон сансыз көп сырттандар жашап калышат. Жырткычтардын ушунчалык көптүгүнөн чөп жечген жаныбарлар падышалыктан кетип калып, ачарчылык башталат. Жылдар өткөндөн кийин, чоңойгон Нала жунглиден тамак издеп, Пумбаны кууп кокустан Симбага жолугуп калат. Нала Симбаны кайтып келүүгө көндүрүүгө аракет кылат, бирок алардын ортосунда тутанган сүйүү сезимине карабастан, Симба атасынын өлүмүнө өзүн күнөөлүү деп эсептеп, кайтып келүүнү каалабайт.

Ошол эле маалда Симбаны Муфасага кызмат кылган падышалык бакшы мандрил Рафикини табат. Ал атайын Симба үчүн өлгөн Муфасанын арбагын чыгарат, ал эми атасы уулуна өткөн чактан качуунун кереги жок экенин түшүнүүгө жардам берет. Агасы аны алдаганын түшүнгөн Симба кайтып келип, Мекенинде адилеттикти орнотууну чечет. Ушул жөнүндө уккан Нала, Тимон жана Пумба досунун артынан акырына чейин бул жолду басып өтүүгө шашышат.

Кайтып келери менен Симба гүлдөгөн Прайд жергесинин чындап эле соолуп, куураган экендигине өз көзү жетет. Арстан ургаачылардын колдоосу менен Прайд аскасында Симба Скарга мындан ары падыша болбостугун жарыялайт. Бирок Скарды сырттандар колдойт. Алардын жардамы менен Скар Симбаны асканын четине түртөт жана өзүнүн жеңишине ишенип, Муфасаны өлтүрүүнү пландап, ишке ашырганын мойнуна алат. Симба бала кезиндеги башынан өткөн окуяны дагы бир жолу эстеп, ачуусу келип, күчүн топтоп, күрөштү улантып, чыккынчы агасын дагы бир жолу, азыр эл алдында өз кылыгын моюнуна алууга аргасыз кылат.

Арстандар менен сырттандардын салгылашуусу башталат жана Симба Скарды асканын чокусуна кууп барат. Скар инисинен ырайым сурайт, бирок ал да бала кезиндегидей эле Скар агасын Прайд жергесинен биротоло жоголууга буйрук берет. Скар макул болгондой түр көрсөтүп, бирок Симбага кайрадан кол салат. Акыркы кармашта Симба Скарды аскадан ыргытып жиберет, ал эми сырттандар болсо аны ылдый жактан өлтүрүшөт - буга чейин Скар өзүн сактоо үчүн аларды күнөөлөөгөн.

Симба Сараби энеси менен кайта кошулат жана Нала анын колуктусу болуп калат. Рафикинин батасы менен Симба атасынын тактысын тартат, ал эми чыныгы падышанын күркүрөгөн үнү Прайд жергесин жарыялайт. Тасма башталгыч көрүнүшкө окшош көрүнүш менен аяктайт - сырттандар куулгандан кийин бардык жаныбарлар кайтып келишет, Прайд жергеси кайрадан гүлдөп, падыша Симба менен зайыбы Нала балалуу болушат.

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү