Артериялдык доголор, толтонун доголору (arcus aortae) - курсак толтодон чыгып жон аортага (толтого) куюлган омурткалуулардын кан тамырлары. Омурткалуулардын түйүлдүгүндө адатта 6 жуп А. д. башталат (балыктарда - 7, шакек ооздууларда - 15 жупка чейин жетет). Кургактагы омурткалууларда 1-, 2- жана 5-жуптар редукцияланат. Ал эми А. д. 3-жубу уйку артериясынан кеткендиктен, уйку догосу деп аталат. Жерде-сууда жашоочулар менен сойлоктордо А. д. 4-чү жубу толтонун жупту догосун пайда кылат; канаттууларда анын оң, ал эми сүт эмүүчүлөрдө сол догосу сакталып калат. А. д. 6-жубу - өпкө догосу, себеби андан өпкө артериалар кетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү