Аршакиддер (Аршакундар) - армян падышаларынын династиясы (62-428). Бул династия Парфян падышалыгындагы Аршакиддер династиясы менен тектеш болгон. Армяндардын Аршакиддер династиясын Тиридат I (62-80) негиздеген. Улуу Тиридат Шнүн (287-332) мезгилинде христиан дини мамлекеттик динге айланган (болжол менен 301-ж.). Аршакиддер феодалдык бытырандылыкка каршы жана Армениянын көз каранды эместиги үчүн күрөшкөн, бирок андан жыйынтык чыккан эмес. Улуу Армения өлкөсүн Иран менен Рим империясы бөлүп алып (387), Аршакиддер алардын вассалына айланган. Аршакиддер династиясы 487-ж. кулаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1