Арык (суу нугу) – негизги дарыядан башталган табигый же жасалма суу нугу.

Арык (Бишкек‎).

Сууну бөлүштүрүү жана керектүү жерге жеткирүү үчүн пайдаланылат. Жасалма канал, чоң арык, чарба ичиндеги майда сугат тармактары да жалпысынан арык деп аталат. Кийин, казылган чоң арыктар – канал, чарба ичиндеги майда сугат тармактары – арык аталып калган.

Кыргызстанда Кум-Арык, Жон-Арык, Дөң-Арык, Арыктурук деген ж. б. топонимдер бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1